www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нургалы мырза менен тар чөйрөдө жолугуп, келечекке карай маек кылдык. Өмүр таржымалына кыскача токтолдук. Ишкерлик жаатындагы жараткан ийгиликтерин, ошол эле учурда коомчулукта ушу кезге чейин негативге айланган жагдайларынын чоо-жайын сурадык. “Медалдын экинчи бети бар” дейт эмеспи. Эмесе, кеп башынан болсун.

- Нургалы мырза, алгач ата-тегиңди сурайын деп атам, мен билгенден атаң СССР тушунда Социалисттик Эмгектин Баатыры деген чоң наамды багынткан киши экен, чынбы?

- 46 жаштамын. Жети-Өгүздөнмүн. Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектептен 6-класска чейин билим алгам. Атам кой баккан чабан болчу. 1987-88-жылдарда 100 койдон 180 козу, ар бир койдон 7 килограмм жүн алып, “аты Алайга, даңкы далайга жетип” дегендей, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыган. Кийин Бишкектен Алыкул Осмонов атындагы мектепти аяктадым. Үч кыз, төрт уулум бар. Союз кулагандан бери бизнестин аркасында жүрөм.

Экономикалык жогорку билим алдым. 2008-жылга чейин Москва шаарында бизнес менен алек болдум. Ошол жылдары раматылык Молдомуса Конгантиевге жолугуп калсак, ИИМге бизден жардам сурады. Ак көңүлдүк менен 12 миллион долларга жардам берип, ИИМдин жаңы имаратын салдык. Анын 7 миллион доллары бекер, ордуна эски имаратын бермек. А 5 миллион доллары калган, ушу күнгө чейин берише элек.

- Нургалы, кыз зордуктоого шектелгениң боюнча коомчулукта кеп бар. Ошо тууралуу өз оозуңдан уксак. Кайсы “кара теке” сүздү, же бул жагынан да биз билбеген сыр барбы?

- 2006-жылдын аяк чени. Бир досум мага 50 миң доллар карыз эле. Эжемдин акчасын алып бергем. Ал кезде өзүм Астана шаарында болчумун. Бир күнү иним телефон чалып, “сени милициялар издеп атат. Бул жакка келбесең болбой калды” деди. Шашылыш түрдө Бишкекке келдим. Милициялар камакка алып, “сиз кыз зордуктапсыз, бизге арыз түштү” дешти. Көрсө, 50 миң доллар карыз алган досумдун карындашын чамасында “зордуктаптырмын”. Бул иш сотко жетти. Өзүм Астанада жүрүп, ал кызды Бишкектен “зордуктаган экенмин”.

Соодалашуу башталды, акылга сыйбаган иш үчүн кандай соодалашуу болмок эле? Жазыксыз жерден каралануу оор тийсе да чындык үчүн күрөштүм. Акыры соттор адилеттүү карап, “окуя болгон эмес, кылмыштын курамы жок” деп мени актап чыгарышкан. Мен эми алардын максатын түшүнүп атам. Эжем милицияга арыз жазган. Арызды алдырыш керек болгон. Атайын коомчулукка жаман көрсөтүү амалдарынын бири кылып, интернетке мени “кыз зордуктатып” чыгарып ийишкен. Бул боюнча эч кандай далилдер жок, тек гана жалаа жабуу болуп калды.

- Эл аралык илим жана бизнес университети окуу жайын ачууда кайсы максаттар себеп болду? Ушу боюнча сенин дарегиңе да жагымсыз окуяларды байланыштырып келишет. Алсак, чет элдик студенттер нааразы болушканы айтылууда...

- Бул окуу жайды 2014-жылы ачууга белсендим. Себеби, өзүм чет жерлерде көп болдум. Алардын ишкерлери менен сүйлөшөсүң, кылып аткан иштери менен жакындан таанышасың. Ойго чөмүлөсүң. Кантсе да ар бир кыргыз баласынын жүрөгүндө патриоттук сезим уялап жүрөт да.

Анан “эмне үчүн өз элимде, жеримде илимбилимдүү жаштарды тарбиялап чыгарбайм? Эмне үчүн эл аралык деңгээлде, стандартка ылайык окуу жай ача албайм?” деген изги тилек пайда болду.

Албетте, окуу жай ачуу оңойго турган жок, азыр деле кыйын да. Алгач экономика багытында факультет ачып, эки жылча иштеп келдик. Мен эми окуу жайдын башкы учредителимин да. Кийин индиялык ишкер жигиттин сунушу менен кеңейтүүнү максат кылып, медициналык колледжин коштук.

Биздин билим берүү министрлиги 120 бала окутууга лицензия берди. Биринчи жылы 70- 80 студент, кийинки жылы 120 студентке жетти. Ошол учурда Индияда акча алмашып, ал жактан келген студенттер окуу контрагын төлөй албай калышты. Анысы аз келгенсип, “биз мусулманбыз” дешип, кышында дааватка кетип калышты. “Медицина тармагы болсо, анан окубай коюшса” деп окуу жайдын ректору кыркка жакынын окуудан чыгарып салат.

Ал ортодо биздин эле кыргыз тыңчыкмасы ортого түшө калып, менин наамыма арыз жаза коёт, “биз акчасын төлөсөк деле окуудан чыгарып салышты” деген таризде. Бир ай камакта болдум. Ал жерде мен күнөөсүз элем, баары далилденип, “кылмыштын курамы жок” деп бошотушту. Анткени, ошо арыз жазган студенттер “биз минтип арыз жазган эмеспиз” деп айтып чыгышты.

Себеби, бир бетке орусча арыз жаздырып, орусча түшүнбөгөн 45 индус балага артына кол койдуруп койгон. Муну да мени көрө албагандар коомчулукка тескери маалымат берип, жайып ийишкен.

- Өткөн кыш мезгилинде президент Садыр Нургожоевич менен жаңы мектеп-интернаттын капсуласын салып, жанында жүрдүң эле. “Мектеп-интернат курулбай турат. Нургалы Асаналиев кана?” дегендей сөздөр жайылды. Ушу боюнча да маалымат берип кетсең?

- Ал Чүй-Токмок мектеп интернаты. Учурда 18 квартира салып атабыз, 2500 чарчы метрлик. Ниетибиз баягы эле “кайда окудуң?” десе, “интернатта окудум” дегизбей, 170 бала бар экен, 10 баланы бир үй-бүлө, бир тууган кылып, бир квартирада жашатып, бирибирине боор тартып жашасын деген жакшы максатыбыз бар. Аны КР билим берүү министрлиги менен бирдикте жүзөгө ашырып атабыз. Мындай карап көрсөк, мектеп-интернаттан жогорку билимдүүлөр чыкпаптыр. Атайын келишим түзүп, “интернаттын балдарын окуталы, ата-эне болуп берели” деген изги тилектебиз.

Жаңы жыл алдында ошол жердеги балдарды куттуктап, аларга дем болушу үчүн бусик тартуу кылып, белек-бечкектерин даярдап, анан “квартиралардын капсуласын салып бериңиз” деп Садыр Нургожоевичтен суранганбыз. Ал киши макулдугун берген. Жазында салына баштамак. Ага жеткирбей эле “президентти уят кылды, жаман көргөздү, алдап кетти” деп ийишти. Кудай урбадыбы! Аны өзүмдүн акчама салып атсам, кайып каскагынан, “жаман айтпай жакшы жок, нике менен өлүм кайып” дегендей, бирдеме болуп кетсе салынбай калышы деле мүмкүн да. Азыр эми Кудайга шүгүр, үчүнчү кабатына келип калдык. Эгер бүтүп калса, ошол жердеги балдар чогуу жашап, биргеликте билим алып, бир туугандык сезимде чоңоюшса жаманбы?..

- Сөзүңө аралжы, өзүң да чабандын баласы болгондон кийин интернаттык жашоо башыңан өтсө керек да?

- Ооба, союз убагында чабандардын балдарын мектеп-интернатка берчү. Өзүм да Караколдогу Токтогул мектеп-интернатта окугам. Жетим болбосом да интернаттын жашоосун коён жатагына чейин билем.

- Акчалуу жигит экенсиң. Эмне үчүн эл катары базар же дүкөн, ресторан салып бизнесиңди кеңейтпей, тапкан-ташыганыңды билим жаатына жумшап жатасың?

- Байлыкты жакшы жакка жумшаганга аракет кылыш керек. Себеби, илим-билимдүү, тартиптүү болбосоң, миң тапканың бир күн эмеспи. Ошон үчүн “Кыргызстанды ойлогон, өнүктүргөн илим-билимдүү муунду тарбияласак, адептүү, эли-жерине ак кызмат кылган жаштар дүркүрөп өсүп чыкса экен” деген улуу максаттарым бар. Мекенибизге ак кызмат кылуу менен кийинки муунга үлгү жараталы.

- Өзүң ачкан илим жана бизнес университети киреше алып келип, актап жатабы?

- Биздики “сорпобуз аз, чөмүчүбүз чоң” болуп атат. Себеби, окуу жайдын аймагы 8 гектар жер. Жер салыгы менен мүлк салыгы бир жылдагысы балдар төлөгөндөн үч эсе ашат, коммуналдык төлөмдөрдү эсептебегенде. Анан акырындан, чабалекей сыяктуу уясына бир талдан саман ташып келгендей иш кылып атабыз. Жалпы долбоор боюнча 25 миң студентке ылайыкталган. Качан гана 25 миң студент менен камсыз болгондо гана окуу жай өзүн-өзү актайт.

- Демек, ага чейин өз жаныңдан, капчыгыңдан төлөп турат экенсиң да?

- Илгери көчмөн кыргыз жигиттери сырттан мал-жандыкты чаап келишип, өз айылын багышкан. Анын сыңарындай, биз да сырттан, чет мамлекеттен бизнес кылып, тапкан-ташыгандарыбызды ушул окуу жайга салып жатабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости