www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар өзүнүн жаранын кайтарып келүү аракетин көрүшү керек деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») билдирди. Сөз «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды тууралуу болуп жатат.
«Мен шок болуп, таң калып жатам. Анын жубайынын жана окуучуларынын алдында уялып да жатам. Ал террористтик уюмда эмес, билим берүү менен алектенген уюмда иштеген. Тышкы иштер министрлиги аркылуу үйүнө кайтарып келүү керек», - деди депутат.
Орхан Инандыны Түркияга алып кетишкенин түрк маалымат каражаттары 5-июлда президент Рейжеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
«TRT Haber» каналынын маалыматына ылайык, Эрдоган бул тууралуу Министрлер кабинетинин отурумунан кийин айтты.
Анын айтымында, «ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган адамдардын бири» кармалып, Түркияга жеткирилген. Операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөн.
«Биздин өлкөгө ФЕТ0нун Борбор Азиядагы башкы директору Орхан Инанды алынып келди», - деди Эрдоган.
Ал өз сөзүндө: «Мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмаларды уюштурган, кан төгүп, материалдык жана моралдык зыян келтирген эч кандай түзүмдүн болушуна жол бербейбиз», - деп белгиледи. Эрдоган ушул күнгө чейин бир катар өлкөдөн Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин кошумчалады.
«Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. Таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган.
Булак: NazarNews.kg