www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцария пандемияга байланыштуу чектөөлөрүн азайтты

1-марттан тарта өлкөдө баардык дүкөндөр, китепкана, музей, зоопарктар иштей баштайт. Ачык абада он беш адамга чейин чогулууга уруксат берилди. 1-марттан тартып 16 жаштан жогоркуларга спорттук, маданий иш-чаралар боюнча чектөөлөр алынды. Бирок ресторандар кеминде 22-мартка чейин жабык болору кабарланган. Ошондой эле адамдар баардык жерде 1,5 метрлик аралыкты сактоого тийиш.

18-январдан тартып күнүмдүк керектүү товарларды саткан дүкөндөрдүн ишине уруксаат берилген. Айрым дүкөндөр буйрутмага гана иштешти.

Чектөөлөрдү жумшартуунун кийинки этабы 22-мартка каралган. Анда кандай чектөөлөр алынаарын өкмөт 19-мартта маалымдайт. Анда жабык жерлерде спорт мелдештерин өткөрүүгө уруксат берилери, ресторандардын сырттагы террасалары ишке кирери күтүлүүдө. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы болсо ресторандардын толук кандуу иштөөсүнө уруксат берилиши да ыктымал.

Швейцарияда коронавирустун экинчи толкуну 2020-жылдын июнь айында башталган. 4-5-ноябрь күндөрү өлкөдө оору жуктургандардын саны суткасына 10 миң кишиден ашкан.

1-мартка карата 554 932 адамга коронавирус жугуп, 507 856 адам айыкты. 9966 адам оорудан көз жумду.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу аз убакытта дүйнөгө жайылган. Бүгүнкү күнү илдетке 221 өлкө кабылып, жалпы 115 млн. жакын адам вирус жуктурду. Оорудан 2,5 млн. ашуун адам көз жумду. 90 млн. ашуун адам сакайып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости