www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов менен кимдер гана мамиле жасабаган. Баары анын жакшылыгын көрүшкөн. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Надира Нарматова NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Райымбек Матраимов менен кимдер гана мамиле жасабаган. Баары анын жакшылыгын көрүшкөн. Бирок анын башына оор күндөр түшкөндө жоголуп, үн катпай отурушат. Андыктан анын жакшы санаалаштары, Матраимовдун акырынан жем жеп жүргөн адамдар - бул уят нерсе. “Мен жаман көрүнүп калам, мага бийлик кызмат бербей койот” деп чындыкты айтпай, жашынып отургандар андай кылбагыла. Жылан чыкса дагы бирөө таш алып берет. Адамгерчилик деген болуш керек. Мага “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышууга сунуш түшкөн. Бирок бийликтен мага кысымдар болуп, шайлоого катышпай калгам. Мен ушул күндөрдө Райымбек Матраимовдун адамгерчилигин, мыкты адам экенин айтайын деп келдим. Баарыбыз көрүп тургандай азыр ага карата каралоодон улам Кара-Суу, Мадина, Дордой жана башка базарларда соода солгундады. Карапайым эл, соодагерлер кыйналып жатат. Коомчулук соода менен эптеп оокат кылып жатканда бут тосушпасын. Бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарына айтаарым, акыйкат чечим кабыл алгыла”, - дейт Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости