www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия, Финляндия жана Швеция ортосунда түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйыны ушул жылдын 26-августунда Финляндияда өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Түркиянын президентинин алдындагы байланыш департаменти билдирди.
Түрк делегациясын президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал жетектейт.
Ошондой эле түрк делегациясынын курамына Юстиция, Коргоо, Тышкы иштер, Ички иштер министрлиги жана Улуттук чалгындоо уюмунун өкүлдөрү да кирери болжолдонууда.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-августунда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Швеция менен Финляндияны НАТОго кабыл алуу боюнча АКШ тарабынан ратификацияланган документтерди тапшырган.
Булак: NazarNews.kg