www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-августта Орусия менен Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрү достук маанайда өткөнүн казак лидери анын жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

Сочиде Россиянын президенти Владимир Путин менен узакка созулган жекеме-жеке сүйлөшүүдөн кийин президент Касым-Жомарт Токаев анын жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди.

"Мамлекет башчынын айтымында, сүйлөшүүлөр абдан достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташууга, эки өлкөнүн эл аралык аренадагы өз ара кызматташтыгына тиешелүү бардык маселелер талкууланды”, - деп жазды Желдибай Фейсбук баракчасына.

Анын айтымында, эки өлкөнүн өкмөттөрү мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгү боюнча өз ара тилектештигин билдиришти.

"Президенттер үзгүлтүксүз практикалык байланыштарды улантууга макулдашышты. Касым-Жомарт Токаев Владимир Путинге меймандостугу, жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди", — деди басма сөз катчы.

Эскерте кетсек, Касым-Жомарт Токаев кечээ, 19-августта Сочиге иш сапары менен барган. Ал жерде Токаев Орусиянын президенти менен жолугуп, 2,5 саат сүйлөштү.

Диёра Абдурахманова, Ташкент

Последние новости