www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров өлкөнү алга жылдырууга жан үрөп иштеп жатканы менен айланасындагылар сүрөп, коштоп, колдоп кете албай жатканы коомдо коңгуроо болуп көптөн бери кагылып жатат.

Өлкө башчысы эл арасында айтылып жаткан сын-пикир, кеңештерге маани бериши абзел. Көңүл бурбай, кайдыгерлик кылган жаңылыштык болот.

Андыктан, тегерегинде болуп жаткан окуяларды терең анализдеп, иргеп, талдоо зарыл. Антпесе, жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста дегендей жаманатты болуп, элдин колдоосунан ажырап калуу кыйын иш эмес.

Мына ансыз да резиденцияга сулуу кыздар көп каттаары эл ичинде күбүр-шыбырга айланып сөз болуп келет. Мындай көрүнүш жакшылыктын жышааны эмес.

Кимдер мындай жеңил-желпи көңүл ачканга ыктаган иштерди аткарган "Сүмбүл" болуп жатса, сизге карата ниети таза эместигин айгинелейт. Андай котур ташы койнунда барлардан арылышыңыз керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости