www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, алфавитти өзгөртүү тууралуу сунушун айтты.

«Ава» деген сөз Ысык-Көл менен Баткенде көбүрөөк колдонулат. Мисалы, Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө «Садыр ава» деп кайрыла берем, эгер кат жазып калсам «урматтуу Садыр «ава» же «аба» деп жазамбы?», — деди Осмонов.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова бул кыргыздын төл сөзү экенин айтты.

«Бул илгертен «обо» сөзүнөн пир туткан, улуу дегенден келип чыккан. Бардык дубанда эле «ава» деп колдонулат, бирок жазылышында маселе бар. «Ава» деп эле айта берген туура, жазылышы «аба» болот», — деди Орозобекова.

Депутат айтканда башкача, ал эми жазганда башка маани болуп калып жатканын белгилеп, «W» (дабл ю) тамгасын киргизишибиз керек» деген пикирин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости