www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Жамгырчиев:

Кыргызстанда расмий тилди басмырлаган фактылар көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарында расмий тилди басмырлаган учурлар көп болууда.

“Легендарлуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Кыргызстанды расмий тилде тааныткан. Кылым карыткан тилди бир жылда жок кылып коюш туура эмес көрүнүш”, — деди депутат.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев каралып жаткан мыйзам долбоорунда расмий тилди кордогон же басмырлаган бир дагы берене жок.

“Бул жерде мамлекеттик тилдин укугу тууралуу сөз болуп жатат. Мыйзам долбоорунда “зарыл болгон” деген шилтеме менен расмий тилдин орду көрсөтүлүп жатат. Расмий тил тууралуу 2000-жылы кабыл алынган мыйзам бар, ал иштеп жатат”, — деди Каныбек Осмоналиев.

Жыйында “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда расмий тил болуп орус тили, ал эми мамлекеттик тил болуп кыргыз тили эсептелинет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости