www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан мурун дүйнөнү титиретип турган 7 мамлекеттин тышкы иштерин тейлегендер Японияда жолугушту. Бирок алактап эки сөзүнүн бири Кытай менен Орусиянын Коргоо министрлеринин жолугушканы тууралуу болуп жатты. Анын себеби бар, март айында  Путин менен Си акебиз жолушкан соң, Кытай Орусияга аскердик жардам берүү тууралуу кобурап, Батыштын жүрөгүнүн үшүн алды. Эгер Кытай Орусияга жардам бере турган болсо дүйнөгө үстөмдүк кылгысы келген 7 мамлекеттин илеби сууп, дүйнөдө БРИКке кошулгандардын экономикалык кубаттуулугу күчөөр тууралуу аналитиктер сайрай баштады. БРИКке кошулгандардын арасында Орусия, Кытай, Индонезия, Бразилия жана башкалар бар. Ал эми «Кубаттуу» 7 мамлекеттин арасында: АКШ,Улуу Британия, Франция, Германия, Азия материгинен Япония жана башкалар бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коргонуу министри, генерал-полковник Ли Шанфу менен жолукту. Путин Кытай министрин көргөнүнө кубангандыгын айткан: "Сиз Россияга биздин чоң досубуз — Кытайдын төрагасы, жолдош Си Цзиньпиндин сапарынан кийин келдиңиз. Анын сапары өтө майнаптуу болгондугун белгилеп кетмекчибиз. Аскердик ведомстволор жаатындагы маселелерге да токтолдук. Биздин мамлекеттердин арасында мамилелер бардык тармактарда жакшы өнүгүп жатат", — деп белгилеген Орусия лидери.

Ли Шанфу да сөз кезеги келгенде бул темага басым коюп, Россия менен Кытайдын алакасы бардык деңгээлде өр алып баратканын айткан. Министр катары тунгуч сапарын Россияга жасап жатканын, анысы менен эки тараптуу алаканын стратегиялык жана өзгөчө экенин мүнөздөгүсү келгенин белгилеген. Жолугушуу боюнча кытайлык эксперттер пикирлерин билдире баштады. Global Times мамлекеттик басылмасында бул сапардан кийин аскерий тармакта бир топ ири өз ара алмашуулар болору айтылды.

Бээжиндин Эл аралык изилдөөлөр университетиндеги Эл аралык мамилелер жана дипломатия институтунун кызматкери Чжо Хуа эки мамлекет тынчтыкка, туруктуулукка салым кошуу үчүн аймактык жана эл аралык негизи маселелер боюнча пикир алышып, позициясын бириктириши зарылдыгын белгилеген. Аскерий эксперт жана телекомментатор Сун Чжунпин министр Ли Шанфунун сапары аскердик жааттагы эки тараптуу мамиленин жогорку деңгээлин көрсөтөрүн айткан: "Тараптардын ар кыл тармактарда, анын ичинен коргонуу технологиялары жана аскердик машыгуу жаатында өз ара пайдалуу активдүү кызматташуулары күтүлүп жатат", — деген ал.

АКШ менен Европа Украинадагы жаңжалды кубаттоону, анын ичинде Киевди курал-жарак менен камсыздоону токтотушу керек. Бул тууралуу Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва билдиргенин жакында G1 маалымат порталы жазды. Президент тынчтыкка жетүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи: «Кечээ биз Си Цзиньпин менен тынчтыкка жетүү жолун табууга даяр өлкөлөрдүн тобун түзүү зарылдыгын кеңири талкууладык. Башкача айтканда, мен муну (мурдагы жолугушууларда) европалыктар менен да талкуулагам. Мен бул тууралуу кечээ америкалыктар менен да сүйлөштүм. Биринчи кезекте курал берген өлкөлөрдү токтотууга көндүрүү керек», - деди президент.

Лула да Силва белгилегендей, жаңжалга курал жеткирип жаткан өлкөлөр муну токтотушу керек. Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва АКШ согушка үндөгөндү токтотуп, Украинага тынчтык орнотуу тууралуу дагы айта башташы керектигин билдирди: "Мен кечээ күнү Си Цзиньпин менен көпкө чейин сүйлөштүм. Тынчтыкка жетүүнүн жолдорун издөөгө даяр өлкөлөрдүн тобун түзүү зарыл. Кечээ бул тууралуу европалыктар менен дагы, америкалыктар менен дагы сүйлөштүм", — деп өлкө башчы айтканын G1 маалыматтык порталы жазды.

Лула да Силва айрым мамлекеттер жаңжал болгон аймакка курал жеткирүүнү токтотушу керектигин айтты: "Курал-жарак берип, согушка үндөгөн өлкөлөрдү мындай аракеттерди токтотууга ынандыруу керек... Анын ичинде АКШ менен Европа биримдиги дагы жаңжалга үндөбөй, тынчтык жөнүндө айта башташы керек. Путин менен Зеленскийге тынчтык бардыгына керек экени жетиши керек", — деген Бразилиянын президенти.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости