www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакындарынын катышы бар делген дээрлик 4 миллиарддык коррупциялык иштер боюнча айтты. 

Анда ал Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн айтылып жаткан коррупциялык схемаларды Камчыбек Ташиев кызматта турган учурда текшерип, аныктаган эмес деген суроого түшүндүрмө берди:

- Ачыгын айтыш керек, “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Силер жакшы билесиңер, биздин салыкчылардын айрымдары да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык, - деди Шыкмаматов.

Последние новости