www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн Орусия менен Украинага делегация жиберүүнү пландап жаткан африкалык мамлекеттердин аракеттерин колдоп сүйлөдү. 10-июнда ал Түштүк Африка Республикасынын (САР) президенти Сирил Рамафоса менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.
"Сиз, президент мырза, кызыкдар африкалык мамлекеттердин лидерлери менен бирдикте тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча делегацияны түзүп, Россия менен Украинага бара турганыңыз жакшы окуя. Дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты сүйгөн жана адилеттүүлүктү колдогон өлкөлөр акылдын үнү менен тынчтык жараянынын прогрессине стимул бере алат деп ишенем", - деди Си Цзиньпин.
Рамафоса "6 Африка өлкөсүнүн, анын ичинде Түштүк Африканын лидерлеринен турган тынчтык делегациясы жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада токтотууга жардам берүү үчүн Орусия менен Украинага барат" деди.
Кытай лидери тактагандай, Пекин сүйлөшүүлөр жолу менен тынчтыкты калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерди жактаары шексиз.
"Мен бардык тиешелүү тараптар диалог аркылуу кризисти жөнгө салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенем", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg