www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын лидери Си Цзиньпин куралдуу күчтөрдү "аскердик эмес максатта" пайдалануу тууралуу жарлыкка кол койду.

Radio Free Asia белгилегендей, Бээжин мындай чечими менен согуш деп квалификацияланбаган "атайын операцияга" жамынып, Тайванга кол салууга даярданып жатышы мүмкүн.

"Синьхуа" агенттигинин маалыматына караганда, алты бөлүмдөн турган документтин максаттарынын арасында "улуттук эгемендик менен аймактык туруктуулукту колдоо, ошондой эле уюмдарды көзөмөлдөө жана тынч аскердик операцияларды жүргүзүү" пункттары бар.

Бул билдирүү Украинанын президенти Владимир Зеленский "Диалог Шангри-Ла" деп аталган коопсуздук боюнча форумда видеокайрылуу жасап, "Тайван кысыгындагы аскердик аракеттердин коркунучун дипломатиялык жол менен чечүүгө чакыргандан кийин" пайда болууда.

Тайван эч качан Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкаруусунда болгон эмес жана Кытайдын курамына кирген эмес. Бирок Бээжин аны Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт.

Батыш өлкөлөрү менен Жапония Кытай Тайван менен болгон талаштуу маселелерин чечип алуу үчүн Орусиянын Украинага кол салуу сценарийин колдонушу мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын мамелкеттик катчысы Энтони Блинкен АКШнын Кытайга карата курсу тууралуу айтып жатып Вашингтон Пекинди дүйнөгө "олуттуу чакырык" таштачу өлкө катары карай турганын билдирген. Муну менен бирге АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын, бирок баштапкы макамынын бир тараптуу өзгөрүшүнө каршы чыгарын айткан болчу.

Мындан улам Америка Тайванга коргонуу потенциалын өз деңгээлинде кармап турууга дайым көмөктөшөрүн белгилеген.

Эске салсак, Кытай бийлиги Вашингтонго бир нече жолу билдирүү жасап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө эч бир мамлекеттин укугу жок экенин эскерткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости