www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь маалымат жыйынында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин чет өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында Индонезиянын президенти жана Таиланддын премьер-министри менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрүн билдирди. Бул тууралуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-Plus агенттиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын президенти Жоко Видодонун чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 14-17-ноябрь күндөрү Индонезиянын Бали аралында болуп, Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлеринин 17-саммитине катышат.
«Индонезияда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Джоко Видодо менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, бул президент Джоко Видодонун ушул жылдын июль айында Кытайга болгон иш сапарынан берки эки мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусу. Адамзаттын келечеги үчүн Кытай Индонезия менен жогорку деңгээлдеги стратегиялык өз ара ишенимди тереңдетүү, «Бир алкак жана бир жолдун» биргелешкен курулушуна сапаттуу көмөктөшүү жана ар түрдүү тармактарда прагматикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө үмүттөнөт. Бул жолугушуу эки өлкөгө жана алардын элдерине дагы көбүрөөк пайда алып келип, муну менен аймактык жана глобалдык тынчтыкка жана өнүгүүгө оң энергия алып келет», - деди Чжао Лицзянь.
Андан соң, 17-19-ноябрь күндөрү Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Очанын чакыруусу менен Кытай мамлекетинин башчысы Таиланддын борбору Бангкокто болуп, Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык уюмунун (АТЭС) лидерлеринин 29-формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.
Булак: NazarNews.kg