www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Орусия менен бирге суверенитет жана коопсуздук маселесинде колдоону улантууга даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтканын РИА Новости жазды.

"Кытай суверенитет, коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер боюнча Орусияны колдоону улантууга жана эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын бекемдөөгө даяр", — деген Си Цзиньпин.

Ошондой эле ал Кытай тарап Орусия менен БРИКС, ШКУ сыяктуу ири эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында координацияны тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Эске салсак, буга чейин Цзиньпин Орусия президенти Владимир Путин менен дүйнөлүк аренадагы кырдаалды талкуулаган. Анда Орусия менен Кытай мурдагыдай бир позицияны карманары, эл аралык укуктун негизги принциптерин колдой турганы, эл аралык мамилелердин адилеттүү системасын курууга умтулары белгилен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости