www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана башка партиялык, мамлекеттик жетекчилер бүгүн, 30-сентябрда Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтына элдик баатырларды сыйлоо аземине катышып, гүл коюшту. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

КЭРдин Улуттук күнүн утурлай курман болгон баатырларды эскерүү күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара расмий түрдө саат 10:00дө КЭРдин мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталды.

Андан соң катышуучулар улуттук көз карандысыздык, элдин бакубаттуулугу жана 1949-жылы түптөлгөн жаңы Кытайдын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жанын берген өлкөнүн баатырларын бир мүнөт тынч туруу менен эскеришти.

Балдар патриоттук ырды ырдашты. Элдик Баатырлардын эстелигинин постаментине ПЛАнын ардактуу караулу гул салынган себеттерди койду.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Кытайдын мамлекеттик бийлигинин жогорку органы – КПК 30-сентябрды Кытайдын көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыялаган. Ал эми Эл баатырларынын эстелигинин пайдубалына алгачкы таш 1949-жылдын 30-сентябрында Кытай Эл Республикасы жарыялангандын алдында түптөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости