www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда абадан кол салуу

Сириянын чыгышында террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсү астындагы кыштакка жасалган абадан кол салуусунда 10 жаран каза тапты. Оппозициячылдардын билдиргенине караганда абадан кол салуу АКШнын жол башчылыгындагы коалиция учактары менен жасалды. Борбору Англия болгон Сирия адам укуктарын байкоо үйү тарабынан берилген маалыматка караганда абадан кол салууда Букемал кыштагын бутага алды.

Кол салууда каза болгон жарандардын арасында балдар менен аялдар да бар. Абадан кол салууда ДЕАШ мүчөсү үч террорист да каза болду. Оппозициячылдар кол салууда эң аз төрт имараттын жер менен бир болгондугун, көп сандаган кишинин да жаралангандыгын билдирди.

Абадан кол салуудан кийин ДЕАШтын аймакты курчоого алып жана бардык байланыштарды  үзүшү менен  туура маалыматтар алына албай жатат.

Бир тараптан Сириянын Түркия чек арасында оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Идлиб жана Халеп облустарына жасалган абадан кол салууларда көпчүлүгү бала болгон жалпы 15 жаран набыт болду.

Оппозициячылдар кол салууну орус учактарынын вакум бомбасын колдонуу менен жасагандыгын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости