www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда курчоого алынган аймактагы эвакуация учурунда жасалган жана 126 киши каза болгон кол салуудан кийин токтотулган эвакуация кайрадан башталды.

Хомста Асад режиминин курчоосу астындагы Веар районунан эвакуациялана турган жаран жана аскердик бөлүктөрдөн турган бешинчи группа аракетке өттү. Хомста Асад режиминин курчоосу астындагы Веар районунан эвакуацияланган 2 миң 124 кишилик группа Евфрат калканы кыймылынын негизинде террордук уюм ДЕАШтан тазаланган Жараблуска карай баратат. 50 автобуста 510 бала, 275ши аял болуу менен жалпы 1874 жаран бар. Калгандары аскердик оппозициячылдардан турат.

Конвойду 30 жаралуу жана 6 майыпты ташыган режим Кызылайына таандык тез жардамдар менен бирге жарандардын буюмдарын ташыган жүк ташуучу машиналар коштоодо. Ваерден ушул кезге чейин 10 миң 600дөн ашуун киши эвакуацияланып, келерки жумаларда 4 миң 300 кишинин дагы эвакуацияланышы пландалууда. Бир тараптан Дамаск жакындарында ишемби күнү курчоого алынган аймактардан эвакуациялар учурунда жасалган кол салууда каза болгон 126 кишиден 68нин бала экендиги белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости