www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай билдирүү өзбек бийлигинен чыкты. Ал арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке сапарына даярданып жатканы маалым болду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталган бөлүгү келишим менен бекитилерин коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов айтып чыкты. Министр Камилов өткөн аптада журналисттер менен жолугушууда жакын арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев сапар менен Ташкентке барарын билдирген.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн чек арасынын такталган 1000 чакырымы атайын келишим менен бекитилерин өзбек башкы дипломаты белгилеген.

"Кыргызстан менен кызматташтыкта бир нече багыттар боюнча ийгиликке жетиштик. Тактап айтканда, биздин чек араны демаркация жана делимитациялоо сыяктуу татаал жана аяр маселе боюнча. Бүгүн дээрлик миң чакырымды жазып, эки тарап тааныган чек араны тарых үчүн түбөлүккө бекитүүгө келишим даярдап жатабыз", - деген Камиловдун билдирүүсүн орусиялык "Независимая газета" жазып чыкты.

Президент Атамбаевдин Ташкентке сапары даярдалып жатканын Тышкы иштер министрлигинен да ырасташты. Министрликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева буларды айтты:

- Тышкы иштер министрлиги тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары даярдалууда. Ал эми учурда чек араны тактоо боюнча жумушчу топ белгиленген график алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек. Башкача айтканда 58 талаштуу аймак бар. Буга чейин кыргыз бийликтери бул аймактарды келишим менен бекитүүнү сунуштаган. Бирок мурдагы өзбек бийлиги буга көнбөй келгенин коопсуздук жана чек ара боюнча экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди.

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин өзбек тарап мамилесин бир аз жумшартып, мурунку кол коюлган протокол-келишимдердеги талаштуу жерлерди кайра карап чыгууга макулдугун берген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости