www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндүн агымы менен келип, кыргыз сахнасынан өз ордун тапкан Айыма Айылчиевага кызыккан суроолорубузду узатып, төмөндөй жоопторду ала алдык. 

- Айыма, өзүңдү башка кесиптен көрө аласыңбы?

- Мектепте окуп жүргөндө “черчение” деген сабак мага абдан жакчу. Жумасына бир эле жолу кире турган сабакты чыдамсыздык менен күтүп, тапшырманы өз убагында аткарып, башкалардын да сүрөттөр да чийип берип койчумун. Бала кезимден да сүрөт тартканга кызыгып, дизайнерлик же архитектура менен алек болсом деп кыялданаар элем. Эгер ырчы болбой калсам, мен өзүмдү архитектор катары көрмөкмүн.

- Сен аткарган эң алгачкы ырың кайсы ыр болгон?

- Мындан бир топ жыл мурун “КТРКда” “Керемет көч” деген берүү бар болчу. Ошол берүүнүн башталышында жана аягында ырдалган

“Билимге дайым умтулган,

Саякатчы шайыр балдарбыз.

Суктанабыз биз дүйнө сырына,

Кол кармашып бирге барабыз” деген ыр саптарын алгачкы жолу ырдап чыккам. Мына ушул ыр менин карьерамдагы эң алгачкы ырым болуп калган.

- Эмнеден коркосуң?

- Бийиктиктен жана курт-кумурскалардан абдан корком.

- Жылдыз оорусуна кабылып көрдүң беле?

- Бул тууралуу менин айтканым туура эмес болуп калат. Себеби, башка адамдарга мен кандай көрүнөм эч билбейм. Адамдар өзүлөрүнүн деңгээлине жараша талкуулап жана кабыл алат деп эсептейм. Эгер мен жылдыз оорусу менен ооруган болсом, жакындарым, досторум менин чөйрөмдөгү адамдар айтса керек.

- Сени алдыга эмне умтултат?

- Чыгармачылыгымды өнүктүрүү үчүн ар дайым изденүүгө аракет кылам. Интернет желесинен дүйнөлүк жылдыздардын ырларын угам, клип, концерттерин көрөм. Алардын ырдагандары бир нерсеге умтулууга жол ачышат. Мына ошол аткаруучулар мени алдыга умтулууга түрткү беришет.

- Акыркы учурда бир нече ысым менен чыгып кеттиң. Чыныгы ысымың ким?

- Менин ысымымды чоң атам кайсы бир аялдын атынан койгон. Менин чыныгы жана толук ысымым Айымжан. Көп адамдар мени “Айым”, “Айыма” деп айтып көнүп калышкандыктан, ошол бойдон эле кала берсин деп чечкенбиз. Өзүмө ысымым абдан жагат.

- Кыялыңдагы сен жетпеген күч барбы?

- “Аватар” деген мультфильмди көргөндө анын күчүнө суктангам. Ал бир учурда аба, суу, жерди башкарган. Мен дагы мына ушундай нерселерди башкара турган күчкө ээ болгум келет. Бирок, тилекке каршы... Айрым учурда үйдө жатып алып столдун үстүндө турган китебим өзү эле жаныма келип калса деп ойлонуп коём.

- Мүнөзүң кандай?

- Токтоо, өзүм менен өзүм болуп жүргөн кызмын. Бир маселе жаралса чечкинсиз жайым бар. Көп ойлоном... Мына ушул мүнөзүм мага жакпайт.

- Жашооңдо белгилүү бир стреотиптер барбы?

- Жок. Мисалы, жигит тандоодо: ал мындай критерийлерге жооп бериши керек дебейм. Жүрөк кимди болсо да, өзү тандайт. Стреотиптер жөн гана ооз менен айтыла турган нерселер деп билем.

- Сен гүл болсоң...

- Бардык аялзаты жактырган, назиктиктин, сулуулуктун символу болгон кызыл роза гүлү болмокмун. Гүлдөрдү белекке алган абдан жагат.

- Кайсы өлкөнү көргүң келет?

- Саякаттоо- бул менин кыялым. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгүн саякаттоо менен өткөргүм келет. Жакында кыялымдагы өлкө болгон Кореяга барып келдим. Корея мен ойлогондой керемет экен. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, дагы бир ирет барып келмекмин.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости