www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын Халеб шаарындагы абалды социалдык медиа аркылуу дүйнө жүзүнө угузган сириялык Бана Алабед Англиянын премьер-министри Тереза Мэйге кат жазып, өлкөдөгү балдарды унутпашын өтүндү.

Катын твиттер баракчасынан жарыялаган 7 жаштагы Бана бул катты апасынын жардамы менен жазганын белгилеп, Сирия элине жардамчы болушу жагынан колдоо издеп жатканын айтты.

Бана катында: «Сирия элине азык-түлүк, суу жана сүт жибере аласызбы? Ачкадан ден-соолуктары начарлаган жана көз жумган балдарды көрдүңүз беле? Мен көрдүм. Эгерде азык-түлүк менен камсыздасак жашап кетишет. Бирок эч ким ойлогон жери жок. Буга катуу капа болуп жатам. Азык-түлүк жана дары-дармек жөнөтө алаарыңыз боюнча мага убада бериңиз. Аларды унутпаңыз»,-деген сөздөрдү жазды.

Бана мурда да АКШнын президенти Дональд Трампка жардам чакырыгын камтыган кат жөнөткөн болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости