www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дамаск Орусиянын жаңы чек араларын ДНР, ЛНР, Херсон жана Запорожье облустарындагы референдумдан кийин тааныды. Бул тууралуу Сириянын президенти Башар Асад билдиргенин РИА Новости билдирди.
Аталган агенттик Сирия лидеринин Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин дароо комментарий алууга үлгүргөн биринчи дүйнөлүк ЖМК (РИА Новости) болуп калды.
"Албетте, мен булар Орусиянын аймактары деп айтам, эгер согуш болбогон күндө да булар тарыхый жактан Орусиянын аймактары”, - деди Асад референдумдун жыйынтыгын тааныйбы деген суроого.
Сирия лидери бул аймактарды добуш берүү башталганга чейин эле тааныганын баса белгиледи.
“Бул маселе бизге башынан эле түшүнүктүү жана биз өз позициябыздан тартынбайбыз”, - деп ишендирди ал.
Асад Сириянын Орусия менен достук карым-катнаш үчүн гана эмес, бул аймактарды чын ыкласы менен Орусия Федерациясынын аймагы деп эсептегени үчүн бул темада так жана чечкиндүү позицияны ээлегенине көңүл бурду.
Сириянын башчысы анын пикири тарыхый фактыларга негизделгенин түшүндүрдү. Анын айтымында, бул жерлер Украинага 100 жылдай мурда келген жана ал жерде орус жарандары жашайт.
“Фактылар бул орус жери экенин көрсөтүп турат. Биз бул позицияга ишенебиз”, -деди Асад.
Булак: NazarNews.kg