www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт министрлигинде жалаң коррупцияга малынган адамдар отурган. Таза деп эсептеген Мурат Соорбеков транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин Соорбеков Бабановдун кол алдында бүгүлбөй иштеп, бийлик алмашкан соң Бабановдон качып, жаңы бийликке келип, президенттин администрациясында эксперт, ошондой эле Жогорку Кеңеште улук-консультант, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Туманбаевдин  жардамчысы болуп эмгектенген.

 Кыргызстандын жүктөрүнүн 99% жол аркылуу ташылат. Биздин өмүрүбүз, экономикабыз жол менен байланыштуу. Бизде андан башка транспорттук ташуулар өнүккөн эмес. Бирок, жол фондусун түзөөрдөн мурун, эмнеге түзүлүп жатат, кантип түзүлүп жатат деген суроо туулат. Менин оюмча, бул дагы бир коррупциялык схема. Бул жол фондусун түзүп, адамдардын башын оорутпай, мурун салынган жолду көздүн карегиндей сактап, жүктөрдү норма менен ташыса жол бузулбайт. Жол эмнеге бузулат? Жүктүн салмагы нормадан ашып кеткенде бузулат. Бүгүнкү күндө жүктүн салмагы 35 тоннадан кем эмес. Алар белгиленген бир сумманы пара катары берип өтүп кетишүүдө. Мына ушунун айынан жолдор талкаланып жатат. Жол фондун түзүү менен жолдор оңолот дегенге ишенбейм. Себеби Транспорт министрлигинин эшигинен 5-кабатына чейин коррупцияланышкан адамдар отурат.

2022-жылдан тарта Текебаевдин демилгеси менен жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат. Бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын тоннасына 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк. Мындан фондго алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.

Жогорку Кеңеш "Жол фонду жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үч окууда кабыл алган. Аталган демилгеге 79 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон жок. Аталган мыйзам долбоорун мурунку чакырылышта депутаттар Нурбек Алимбеков, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаев демилгелеп, биринчи окуудан өткөн. Максаты — Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу. Фондго күйүүчү майдын акциз салыгынан жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен каражат түшөт.

Текебаев Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылы жетпей эми жолго баа койгон. Транспорт, жол министрин  маалкатпай отставкага кетириш керек эле, жок дегенде Сосновкадан түшкөн бечералардын акчасына Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылы жетпейт. Чор тамандардын жашылча-жемиш ташып оокат кылган жеңил машинеси ремонттон башы чыкпай жатат...

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциянын очогуна айланганы көп жылдар бою айтылып келип, орун басары 500 миң долларлык пара менен кармалган маалда жемкорлуктун бети ачылганын билебиз. Ошондо моралдык жоопкерчиликти моюнга алып министр отставкага кеткени барыбызга маалым. Анан эле тармакта экология менен техникалык коопсуздукту тытмалаган Текебаевди таап чыгышып, жемкорлукту жоёт деген ишеним менен жетекчиликке дайындашкан. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, элге жүзүн көрсөтөрү менен «бул Текебаевдин өңү-түсү, кебете-кешпири, дегеле турган турпаты менен коррупция жыттанат экен» дешкен. Айтылган кептер чын чыгып, жолдор министрлигиндеги коррупция мурдагыдан беш бетер былгып жатып калышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости