www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз досторубуз менен бир ирет үйдө отуруш уюштурдук. Ошондо бир досум десерттин алдында: “майда тешиктүү шоколаддарды жек көрөм. Шоколаддагы тешиктерге кыжырым тим эле кайнайт”,-деп айтып калды.
Ал мезгилде биз ар түрдүү тешиктерден коркуу сезими чынында бар экендигин билген эмеспиз...
Илимпоздор мындай коркууга “трипофобия” деген аталышты ыйгарышкан. Трипофобия боюнча 2000-жылдары сөз болуп, Оксфорд университинин илимпоздору изилдеп башташкан.
Экспериментке адамдардын эки түрдүү тобу катышкан. 1- топ трипофобия менен жабыркаса, 2- топто мындай көйгөй болгон эмес. Трипофобия менен жабыркагандарга кластердик тешиктердин сүрөттөрүн көргөзгөндө калтырап, тырышып башташкан. Алардын жүзүндө ыңгайсыздык байкалып, дүрбөлөңгө түшүшкөн.
Трипофобия менен ооругандарды дарылоо процессинде “тынчсыздандыруучу, кыжыр келтирүүчү” сүрөттөрдү көрсөтүшкөн. Кичинекей экспресс-тест сиз үчүн. Бул сүрөттү көргөндө сиз кандай сезимдерди туйдуңуз?
Сизге трипофобия менен жабыркагандар жай баракат көрө албаган сүрөттөрдүн топтомун сунуштайбыз. Сүрөттөрдү көргөндө аларда тынчсыздануу пайда болуп, монитордон качкысы келет.
Азыр биз сиздин трипофобия менен жабыркабагандыгыңызды текшерип көрөбүз. Анда кеттик.
Күлгүн түстөгү коралл. Дагы эле Австралиянын Чоң Барьердик рифине баргың келеби?
Жылмайып көрүңүзчү...
Аарынын мом уясына болгон көз карашыңыз кандай?
Сүттүү тешик шоколад...
Бул болгону кыргоолдун моюну...
Бул болгону мискейдеги куймак, бирок кыжырды ушундай кайнатат...
Бышырылган сарымсактын даамын татып көрбөйсүзбү?
Кумташ дубалы...
Таш бака...
Козу карын түшүмү...
Бышырууга даярдалган макарондор...
Бут кийимдин бутка түшкөн издери...
Хеллоуинге даярдалган макияж (кыз бетине жасалма пластмасса көздөрдү чаптап алган)...
Ашкабактын уруктары...
Манжаларын “жууп” жаткан мышык. Тили кандай экен?
Сүрөттөрдү аягына чейин кантип көрө алдың? Эгер жообуңуз оң болсо, анда куттуктайбыз. Сиз соосуз. Ал эми кластердик тешиктерди көрүп кыжырыңыз келсе, жүрөгүңүз тездеп сого баштаса, анда сизде трипофобия бар.
Булак: NazarNews.kg