www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Өткүрбек Жамшитов отчет берип, депутаттардын суроосуна жооп беип жатат.
Жыйында депутат Ирина Карамушкина башкы прокурорго мурунку алмазбек Атамбаевдин, анын тарапташтарынын жана өзүнө козголгон иш тууралуу суроо узатты. Депутат өзүнө эки оор кылмыш боюнча иш козголсо дагы мандатынан ажыратылбай, парламентте отуруп, Башкы прокуратураны сынга алып жатканын кошумчалады.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суроосуна “сиздин кылмышы аныкталган” деп жооп берди.
“Сизге мен жооп бербей деле койсом болмок. Анткени сиз өтө оор кылмышкерсиз. Бирок ошентсе дагы айтайын. Убагында мыйзамдуу келип койсоңуздар ушул иш болбойт эле. Мына, Кой-Таш окуясында бир кызматкер каза тапты. Мен мыйзамсыз ишке жол бербейм. Мен сизге жеке өзүм айтайын, сиздин кылмышыңыз далилденген”-деди ал.
Булак: NazarNews.org