www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айт намаз кайсы жерде окула турганы аныкталды

Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымат таратты. 

“Урматтуу мекендештер! Кыргыз Респуликасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин  салматтыгы жана коопсуздугу үчүн илдеттин мындан ары күчөп  кетүүсүнө жол бербөө максатында зарылчылыкка жараша жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы  Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын  маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен  үйлөрдө майрамдайбыз.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин  КТРК телеканалынан Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата  куттуктоосу жана кайрылуусу болот”,-деп айтылат кабарда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости