www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Ялкун Умержанович, коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда милициянын ишине кандай баа бересиз? Ошондой эле, ИИМдин Коомдук кеңеши карантин учурунда кандай жумуш аткаргандыгы тууралуу айта кетсеңиз!?

--Эгерде, милиция кызматкерлеринин ишин карап чыксак, аны 3 категорияга бөлсөк болот. Биринчичи – фильтрлөөчү, стационардык жана жөө жүрүүчү посттордо күнү-түнү кезметте кызмат өтөгөндөр. Экинчи категория – бул негизги кызматтар, 102 кызматынын кызматкерлери жана башка кызматтары, ал эми үчүнчү категория – бул, министрликтин ишин камсыз кылган бөлмөлөрдө иштеген кызматкерлер. Мен ишеничтүү айта алам, Ички иштер министрлиги коюлган милдеттерин толугу менен аткара алышты. Бардык посттордо милиция кызматкерлери жарандар менен сылык мамиледе болуп, көрүлүп жаткан чаралар жана чектөөлөр убактылуу гана, ошон үчүн коюлган талаптарды жана эрежелерди аткаруу керектигин түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. Бул учурда, милиция кызматкерлери милдеттерин так аткарышты.

Биз, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, посттордо турган кызматкерлердин ишин гана эмес, министрликтин борбордук аппаратынын бардык кызматтарынын, Бишкек ШИИББнин жана Чүй облустук ИИББнын ишмердүүлүгүн көзөмөл жүргүздүк. Шаардын жана облустун аймактарында орнотулган постторго чыгуу менен, милиция кызматкерлеринин кандай абалда кызмат өтөгөндүгү менен кабар болуп турдук, айта кетсем бир дагы кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучуна карабастан кызмат өтөп жаткандыгына арыз-доо айткан жок. Милиция кызматкерлери өзүлөрүнүн ден-соолугун тобокелчиликке салып, бүт өлкөнүн коопсуздугун камсыздашты.

Менин таң калганым, ИИМдин Академиясынын курсанттары, ИИМдин борбордук аппаратынын Башкы штабынын, Басма-сөз кызматынын кызматкерлери жана башка погон тагынган милиция кызматкерлеринин бардыгы жөө кайгуул жүргүзүүгө чыгышкан.

Биздин, ИИМдин Коомдук кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө расмий түрдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда кызматка тартылган бардык милиция кызматкерлерине кызмат ордуна жана кайсы кызматта иштегендигине карабастан, Өкмөттүн токтомунда кепилденген үч эсе айлык акысын төлөп берүүсү боюнча кайрылдык. Бул боюнча, комиссия тарабынан чечилип, бардык кызматкерлерге төлөнүп берет деп Премьер-министрден жооп алдык.

Биздин коомдук кеңеш ар дайым милиция кызматкерлеринин кызыкчылыктарын биринчи орунга коет. Милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүндөй эле, коронавирус илдети менен күрөшүүдө өз ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч тобокелчилиги менен алдынкы катарларда кызмат өтөштү.

Азыркы пандемия учурунда, Улуттук статистика комитетинин изилдөөлөрүнүнө ылайык, милиция тууралуу коомдук ой-пикири, аларга болгон ишеними бир кыйла жогорулады. Бардык социалдык тармактарды милици кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүлөрү, оң ой пикирлери менен бөлүшүштү. Мында көрүнүштөр өгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

Мага көп суроолорду беришет – милициянын жумушуна ой пикирлердин өзгөрүшүнө эмне түрткү болду? – деп, биринчиден бул пандемия, дүйнөдөгү жашоого болгон мамилени өзгөрттү. Милиция кызматкерлери суукка, жаанга жана каарга карабастан көчөлөрдө илдеттин массалык түрдө жыйылып кетпешине өзүлөрүнүн ден-соолугун тобокелчиликке коюп кызмат өтөшүүдө. Биз, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев менен жолугушууда, учурдагы абал, келечектеги аткарыла турган иштерди талкуулап, коомдо кандай өзгөрүүлөр болду, аны менен милициягы болгон мамилелердин өзгөрүүлөрүн жыйынтык чыгардык. Ошондой эле, эки жыл аралыгында жасалган иштер, кайгуул милиция кызматы, коопсуз шаар, борбордук командалык пункт өзүнүн жаңыдан иштей тургандыгын көрсөтө алды.

Кызматкерлер татыктуу айлык акы алганда, анын ой жүгүртүүсү, ишке болгон мамилеси өзгөрүлөт. Булардын баары паракорчулукту түп-тамырынан жоготууга көмөк болот, акырындык менен бардык милиция кызматкерлерине да ушундай жагдайлар түзүлөт. Бизге ар кандай суроолору менен көп милиция кызматкерлери кайрылат, биз ар дайым алардын кызыкчылыктарын коргойбуз. 

ИИМдин басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.org

Последние новости