www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 21-майынан баштап кошумча ишканалар ишке киришкендигине байланыштуу, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович жетекчилигинде райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги С.Исмаилов, С.Юсупова жана А.Анаров айыл аймагынын башчылары, СЭС кызматкерлери жана башка кызматтын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында соода кылган дүкөндөрдө, автобекеттерде, базарларда эл көп жүргөн жерлерде санитардык талаптардын сактоолуусун ошондой эле бүгүнкү кырдаалда көчөгө чыгуу режиминин азайтып туруу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Чет элден келген, азык түлүк, мөмө-жемиш жана күнүмдүк тиричиликке колдонулган товарларды айландыруу менен алектенип санитардык эрежелерди сактабай, коронавирусту жуктуруп алууга жол берген ишкана мекемелерди текшерүү иш-чаралары СЭС кызматы менен РИИБдин кызматкерлери тарабынан күчөтүлдү.

Андан сырткары жарандардын чогулуусуна бөгөт коюу максатында учурдагы карантиндик кырдаалга терс таасирин тийгизүүчү, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган обьектилерди (чайкана, ашкана, спорт аянтчалар, баня, кийим кече сатуучу жайлар) көзөмөлгө алуу менен текшерүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү тургандардын бүгүнкү күндө көйгөй жаратуучу маселелери угулуп, арйм маселелр ордунда чечилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан ар тараптуу жардамдар берилди. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости