www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери күйөсү жок аялга жеңилдетилген ипотекалык кредит бербей коюшкан. Бул тууралуу депутат Кундузбек Сулайманов  “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында сөз кылды.

"Токтогулда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери “сен жалгыз бой” экесиң деп, ипотекалык кредит бербей койгон учур бар. Ушундай болобу", – деген суроону депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөновага узатты.

Төлөгөнова бул Германия өнүктүрүү банкынын (KfW)  талабы экенин, ал 8% кредитти аймактарда үй-бүлөлүү адамдарга гана берилерин билдирди.

"Түшүнүктү, анда жалгыз бой жарандар адам сапатынан чыгыптыр да?  Эми, турмушта ар кандай болот да. Анан силер ошол талап менен макул болуп койдуңарбы?, – деди депутат.

Төлөгөнова келишим түзүлүп жатканда эле кредиттер үй-бүлөлүү адамдарга берилсин делген талап болгон белгиледи.

"Кечиресиз ыңгайсыз суроо үчүн, сиздин күйөңүз барбы?, – деп Сулайманов Аида Төлөгөновага кайрылды.

Ал “жок” деп жооп бергенде, Сулайманов “көрдүңүзбү, же сизди адам сапатынан чыгарыш керекпи?”, - деди.

Төлөгөнова алардын программалары боюнча мамлекеттик кызаткерлерге андай талап жок экенин, ал KfW алкагында экенин белгиледи.

Депутат бул туура эмес экенин, маселеге көңүл буруп, тез арада чечүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости