www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй алтын кенин иштетүүдөн 6,7 млрд сом салык түштү

Июнь айына карата “Альянс Алтын” ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 6,7 млрд сом салык түрүндө которду, анын ичинен өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат 4,2 млрд сомду түзөт.

Компаниядан билдиришкендей, «Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 431 млн 756 миң сом төлөгөн, анын ичинен:

Талас облусун өнүктүрүү фонду – 215 млн 878 миң сом;

Талас районунун өнүктүрүү фонду- 129 млн 526 миң сом;

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду- 86 млн 351 миң сом.

Июнь айына карата компанияда 707 кызматкер иштейт, анын ичинен:

Бишкек шаарынан - 99 кызматкер;

Башка аймактардан – 186 кызматкер;

Талас районунан – 422 кызматкер;

Бекмолдо айыл өкмөтүнөн – 161 кызматкер.

Белгиленгендей, Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости