www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта катуу сабалган аялдын күйөөсүнүн жакындары ага кысым көрсөтүп, арызын кайтарып алууну талап кылышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аялдын агасы Зойир Абдурахманов билдирди.
Анын айтымында, бир күн мурун 28 жаштагы Фархонага шектүүнүн жакындары барган.
«Жээниме кысым көрсөтүлүп, каршы арыз жазууну талап кылышууда. Болбосо үйгө кайтпайсың, төрт балаүды көрбөйбүз деп коркутушууда. Ал өзүнүн дооматтарынан баш тартпай турганын, ажырашууга даяр экенин билдирген. Бирок алар аны жайына койбой, ооруканага улам келишүүдө», - деди Зойир Абдурахманов.
Ал жээни Фархона юридикалык жардамга муктаж экенин белгилеп, Акыйкатчы институтунан колдоо көрсөтүүнү өтүнөт.
Белгилей кетсек, 16-августта Чүй облусунда төрт баланын энеси күйөөсү тарабынан катуу сабалган. Ал учурда ар кандай жаракаттар менен ооруканада жатат. Ал эми жабырлануучунун күйөөсү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда кармалган.
Булак: NazarNews.kg