www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта бир туугандар 3 күндөн бери дайынсыз болууда

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек эжеси менен иниси изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 13 жаштагы Арзыматова Айсезим Данияровна жана 3 жаштагы Арзыматов Алинур Данияровичтин туугандары кайрылып, эже-ини 4-июнда Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, табууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай, ак жуумал, чачы ийининен кара,

Кийимдери: кара-боз түстөгү свитер, кара түстөгү классикалык шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Айсезим жана Алинурдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости