www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра Голд» компаниясы алгач өзү эл аралык келишимди бузуп, ошол жерге жазылган бир нече пунктту одоно түрдө бурмалаганы ачыкка чыкты», - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Кумтөрдү иштеткен «Центерра Голд» компаниясы эл аралык келишимдерди бузду деген максатта кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бериптир. Эми эл аралык соттор «Центерра Голддун» экологияга эсепсиз зыян келтиргени эске алабы же «Центерранын» максатын ишке ашырган чечим чыгарып коёбу?

- «Центерра Голд» компаниясы алгач өзү эл аралык келишимди бузуп, ошол жерге жазылган бир нече пунктту одоно түрдө бурмалаганы ачыкка чыкты. Эми кайсы бети менен сотко берип жатат. Алар бет тырмалык кылып, бизди эл аралык сотко беришкени менен сот алар каалагандай эмес, биз болжогондой чечим чыгарып коюшу ыктымал.

Анткени, «уурунун арты кууш». Булар азыр калп эле кыйын болумуш болуп, биздин элди эч нерсеге мээси жетпеген караңгы эл катары көрүп жатышат. Бирок, биз алар ойлогондой караңгы эмеспиз. Укугубузду коргой алабыз. Буюрса, табийгатка жасаган кыянатчылыгын жөн койбойбуз. Экологияга келтирген чыгымын ордуна койдурабыз.

- Бирок, айрымдар мурунку бийликтегилер Канаданын гана соту карайт дегенге макул болуп, печать басып, кол коюп койгон. Ошон үчүн алар утуп алышы мүмкүн деп жатышат го?

- Ким эмне дебесин духту түшүрбөш керек. Бул маселенин ачыкка чыгып, иликтенишинин өзү чоң жетишкендик. Үмүтүбүздү өчүрбөй туралы. Кол коюлуп, печать басылып калган күндө да аларда мыйзам чын эле так иштесе, шылуундар утуп кетпей турган система жок болсо, биздин мышыгыбызды «пыш» дей алышпайт. Алар экологияга келтирген зыянды эмес, келишимди карайт деп маанайыбызды түшүрбөшүбүз керек. Кыргыздар ута турган эле жердебиз. Буюрса, утабыз. Экологияга келтирген чыгымдарын төлөтүп, мындан ары алар каалагандай эмес, биз каалагандай абалга жеткиребиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости