www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан «Центерра Голдду» экология боюнча эл аралык сотко бериши керек», - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.
- Ташболот агай, «Центерра Голд» компаниясы эл аралык келишимдерди бузду деген таризде кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергени белгилүү болду. Айрымдар Кыргызстан утулат десе, кээ бири утуш Кыргызстан тарапта болот дешүүдө. Кандай пикирге ишенсек болот?
- Кумтөрдү иштеткен «Центерра Голд» компаниясы эл аралык арбитраждык соттор териштирүү алар үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болот деп өздөрүнө ишенип турат. Анткени, биздин мурунку бийлик эл аралык сот болсо Канаданын соту карайт деп кол коюп, печаттарын басып койгон. Алар ошон үчүн сотто жеңип алабыз, биздин пайдабызга чечим чыгат деп өздөрүнө ишенип турушат. Бирок, сот деген сот, мүмкүн алар эмес, биз утуп каларбыз. Анткени, азыр кырдаал өзгөрдү. Жаңы бийлик келди. «Центерра голд» компаниясы утуп алам деп түрдүү амал кылганы менен уталбай калышы да мүмкүн.
- Эл аралык сотто сотко биринчи кайрылган компаниянын койгон дооматы эске алына береби же Кыргызстандын экологиясына келтирилген эсепсиз чыгымдар да эске алынабы?
- Албетте, экология да орчундуу маселе. Айтайын дегеним, экология боюнча Кыргызстан эл аралык сотко өзү да берсе жакшы болот эле. Анткени, экология боюнча сотко берсе, биз утмакпыз. Ошондуктан, биздин өкмөт Кыргызстандын сотторуна эле эмес, эл аралык сотторго да берсе болот эле.
- Сапар Исаковдун «Центерраны» бирөө доого жыкса, кыргыз өкмөтү алардын таламын талаша турган жана аларга экологиялык доо коюудан баш тарткан келишимге кол коюптур. Анын бул кадамын кандай бааласак болот?
- Кыргызстандын кызыкчылыгынан «Центерранын» кызыкчылыгын жогору койгон келишимдерге Сапар Исаковбу же башка премьер-министрлер кол койсо да, алар бийликтин шахмат доскасындагы пешкалар болушканын түшүнүшүбүз керек. Анткени, «Центерра голд» президенттердин көзөмөлүндө болгон.
Булак: NazarNews.kg