www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап,  каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы  биргеликтеги чараларды талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу   маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө  ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости