www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында кызмат учурунда айдоочу жана жүргүнчүнү сөккөң милиция кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн  кесилишинен тартылган видео тараган. Анда видеонун автору билдиргендей, Hyundai Porter унаасы жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кеткендиктен аны ЖКККББнын кызматкери токтокон.

“Кызматкер жарандарга орой мамиле жасап, ички иштер органдарынын кызматкеринин атын булгагандыгы үчүн Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан 16-майда, ээлеген кызматынан алынды. Ал эми анын жанында болгон ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин дагы кызматтан бошотуу боюнча жетекчилигине сунуш берилди.Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги башкармалыктын бардык кызматкерлерине кызматтык милдетин аткаруу учурунда жарандарга сылык мамиле жасоо, айрым атайылап жасалган провокацияларга алдырбоо зарылчылыгын эскертти. Өз кызматын татыктуу аткара албаган, ички иштер органдарын уят кылган милиция кызматкерлерине ички иштер органдарынын катарында орун жок, мындай кызматкерлерден арылуу боюнча тиешелүү иштер улантылат“, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости