www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарында санитардык талаптар аткарылбай жатат. Мындан улам аталган шаарда күчөтүлгөн карантин жарыяланышы күтүлөт деп жазышат казак басылмалары.

Учурда санитардык талаптарды аткарбаган айрым курулуш компаниялары, дүкөндөр, ресторан, кафелер (тамак-аш жеткирүү үчүн гана) жана башка ишканалар жабылды. Эрежелерди аткарбаган мекемелердин иши санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну күчөткөндө гана кайра жанданат.

Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова жарандар бул илдетке кайдыгер мамиле кылып жатат деген. "Маска тагынып жүрүү режими бардык жерде сакталышы керек. Бирок жарандар кош көңүл мамиле кылышууда. Эгер кимдир-бирөөлөр санитардык талаптарды аткарбаса, шаарда кайрадан күчөтүлгөн карантин жарыяланат. Мурдагыдай жай турмушка кайтуу өзүбүздүн гана колубузда", - деген ал.Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 6 миң 157ге жетти. Анын 3 миң 256сы илдеттен арылса, 34ү каза болду.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости