www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго, «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКнын директору Токтобүбү Оуерхалика Кайрылуу жасады

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

«Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы, бүгүнкү күндө, Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, өз эсебинен жана насыя каражаттарга, кондиционерлер менен жабдыкталган, газ (метан) колдонуучу, Кытайда чыгарылган, комфортабелдүү 36 автобус сатып алган. Бул унаалар, учурда, № 35 жана № 5-каттамдарды тейлөөдө. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин өтүнүчү боюнча, региондордогу калкты тейлөө үчүн, 2019-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасына 24 даана көп орундуу шаарлар аралык автобустарды сатып алып келгенбиз.

Аталган жаңы заманбап автобустар Кытайда чыкканы менен EURO V талаптарына толук жооп берет жана газ (метан) менен жүрөт. Бул долбоор 2016-жылы башталып, толугу менен өзүбүздүн жеке инвестициялардын эсебинен ишке ашты. Жергиликтүү органдардын колдоосуна ээ болуш үчүн, биздин компания Бишкек шаарынын Мэриясы менен 2016-жылдын 16-декабрында Кызматташуу жөнүндө меморандум түзүп, андан кийин 2017-жылдын 23-июнунда ага Толуктамага кол коюлган (текстте мындан ары бириктирилип Меморандум, деп аталат).

Түгөлү менен жеке инвестициялардын эсебинен аткарылып жатканын жана, ар бири 75 000 (жетимиш беш миң) АКШ доллар турган 60 даана автобусту сатып алууга, жалпысынан, 4,5 миллион (төрт жарым миллион) АКШ доллары сарпталганын эске алганда, биздин Долбоор республикалык бюджетке бир кыйла жөлөк болду десек болот. Аны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарына жумуш орундары түзүлүп, алар биздин компанияда эмгектенүүдө. Долбоордун максаты – борбор калаабыздын тургундары жана меймандарын комфортабелдүү жана кооз коомдук унаа менен камсыз кылып, көчөлөрдө маршруттук бустарды азайтуу (бир автобуска – 3-4 бустун жүргүнчүлөрү батат) боюнча шаардык кызматтарга көмөк көрсөтүү.

Азыркы учурда, кытайлык өнөктөштөр менен Токмок шаарында автобустар жана ар түрдүү моделдеги электромобилдерди чогултуучу завод курууну пландаштырып жатабыз. Бишкек шаарынын Мэриясы, бир нече жолу кайрылганыбызга карабай, шаардык автобустарга субсидия бөлөт да, биздин жеке автобустарга алар бөлүнбөй келет. Ага карабай, биздин унааларда пенсионерлер жана окуучулар төмөндөтүлгөн баада (5 сомдон), майыптар – бекер каттап жүрүшөт.

«Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсынын автобустарын Бишкек шаарынын № 5-каттамына койо берээрдин алдында, каттамды тоскоолдуксуз колдонуу үчүн, Мэриянын кызматкерлери, Вице-мэр А.Алымкулов баш болуп, 15000,00 АКШ доллар өлчөмүндөгү пара сурашкан. Мэриянын кызматкерлери, Бишкек авто-унаа мекемесинин (БАТП) директору Н.Койчубаков, Бишкек Шаардык унаа башкармалыгынын (УГТ) Башчысынын милдетин аткаруучу Н.Атыканов жана Шаардык Кеңештин депутаты Б.Абдиев менен сүйлөшүп алып, биздин автобустарды № 5-каттамга чыгарууга атайлап тыйуу салышкан. Ушуга байланыштуу «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы, Мэриянын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен, Бишкек шаарынын УКМКна кайрылган. БАТП Директору Н.Койчубаковдун жакын досу К.Ашырматов, А.Алымкулов менен Н.Койчубаковдун тапшырмасы боюнча, “Фрунзе” ресторанында 3000,00 (үч миң) АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Бишкек шаарынын УКМКнын кызматкерлери тарабынан, кармалган. Биз алардын пара талап кылып жатканын да жаздырып алганбыз. Ага карабастан, тергөө бир гана К.Ашырматовго карата жүргүзүлүп, калгандар боюнча текшерүү жана коррупциялык схемалардын бетин ачуу иштери толук жүргүзүлгөн жок.

«Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы менен Бишкек шаарынын Мэриясынын УГТсынын ортосундагы муниципалдык каттамды колдонуу жөнүндө келишим 2018-жылдын 6-декабырында 5 жылга түзүлгөн болчу. Бирок, талап кылынган 15000,00 АКШ долларлык параны “тийиштүү” кишилер албай калганына байланыштуу, бул келишим 2019-жылдын 24-августунда эле жокко чыгарылды.

Бишкекке 800-гө чейин кошумча шаардык автобустар талап кылынат. Биздин компания, өзүнүн жеке каражаттарынын жана насыялардын эсебинен шаардагы автобустарынын жалпы санын 100гө жеткирүүгө даяр. Бирок, биз шаардын Мэриясынын ушунчалык катуу каршылыгына дуушар болгондуктан, автобустарды мындан ары алып келүүгө күчүбүз да каалообуз да калган жок.

Биздин максат - өлкөбүздүн шаарларына, калкты тейлөө үчүн бейстандарт жана ыңгайсыз микроавтобустардын ордуна комфортабелдүү заманбап, газ колдонуп жүрүүчү автобустарды алып келүү болчу. Дизель колдонгон микроавтобустар Бишкек шаарынын абасын булгап жатат. Мындай унаалар өзүнүн кызматын эбак өтөп бүтүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте гана калды. Бишкектин Мэриясынын бюджети анча автобусту бир алууга чамасы жетпейт. Бирок, ага карабастан, Мэрия жеке ишкерлерди колдобой келгени түшүнүксүз. Калктын шаар ичинде каттоосуна шарт түзүү – жалпыбыздын максатыбыз эмеспи.

УГТ, учурда өзүнүн буйрук чыгаруу укугуна таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.10.2018-ж. № 504 токтомунун ченемдерин каалагандай колдонуп келет. Бирок, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келүүсү зарыл экендиги унутта калууда. УГТ, өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен, «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсына жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө иш алып барууга атайлап жасалма тоскоолдуктарды жаратууда.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Региондорду өнүктүрүү” Программасынын алкагында алынган, биздин шаарлар аралык комфортабелдүү 24 даана автобусубуз, Транспорт жана жолдор министрлигинин өтүнүчү боюнча сатып алынганына карабай, иши жок калууда. Биз Минтранска бир нече жолу Бишкек-Аэропорт-Бишкек, Бишкек –Токмок- Бишкек, Бишкек -Кара-Балта–Бишкек ж.б. шаардын айланасындагы каттамдарды пилоттук долбоор катары берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Бирок, Транспорт жана жолдор министрлиги да каттамдарды атайын бөлбөй келет. Биз Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү түгөнгүс коррупцияга кабыл болду. Жогорудагыларды эске алып, Сизди түзүлгөн кырдаалды туура териштирип, тийиштүү чараларды көрүп бере алат, деп ишенебиз.

Урматтоо менен, «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКнын Директору Т.Оуерхалика

Тел: 0312 887737
e-mail: [email protected]

Булак: NazarNews.org

 

Последние новости