www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгиликтерди багындырып, элге таанылган кыргызстандыктардын энелери Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Энелер күнүнө карата куттуктоо, эстеликке белек алышты.

Төмөндө Мамлекет башчысы куттуктаган энелер:

— Бишкек шаарынын тургуну Гүлнар Абдраева — эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун энеси;

— Бишкек шаарынын тургуну Гүлзада Ботобекова — 2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалынын ээси Нурислам Шерипбаевдин энеси;

— Бишкек шаарынын тургуну Ольга Прыткова — 22-марттан баштап коронавирус инфекциясы менен күрөштүн алдыңкы сабында жүргөн, жумушка өзүн толугу менен арнаган, эмдигичекти туугандары менен жакындарын көрө элек, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист-врачы Наталья Прыткованын энеси;

— Бишек шаарынын тургуну Шохидахон Токтосунова — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, 2020-жылдын февраль айында Кыргызстан Россия эриш аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси;

— Талас облусунун Манас районунун тургуну Сабира Туткучева — төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин энеси;

—  Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Гулай Акчекеева — ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган  Алмазбек Акчекеевдин энеси;

— Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Саадат Исакова —  манасчы Рысбай Исаковдун энеси;

—  Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Лолохон Муминова — 2019-жылда Баткен облусунун Лейлек районунда болгон чек ара окуясынын натыйжасында курман болгон Равшан Муминовдун энеси.

Эмгеги жана таланты менен мекендештеринен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктардын энелерине Президенттин Аппаратынын кызматкерлери жана Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын жетекчилери куттуктоолорун жана белектерин тапшырышты.

Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембесинде Энелер күнү белгиленип келет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости