www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.

Жолугушууга ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова, БУУ Өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиз Чемберлен, Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын өкүлү Андреа Баньоли жана БУУ Калк фондунун өкүлү Азамат Баялинов катышты.

Жолугушуу учурунда тараптар саламаттык сактоо, социалдык колдоо көрсөтүү, билим берүү, санитария жана суу гигиенасы, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы COVID-19 дартына жооп кайтаруу жана анын кесепеттерин калыбына келтирүү планын талкуулады. 

Ошондой эле жогоруда аталган агенттиктердин эпидемия кесепеттерин жеңип чыгуу максатындагы иш-чаралары талкууга алынды. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар COVID-19 дартына жооп кайтаруу жана анын кесепеттерин калыбына келтирүү боюнча биргелешкен план алкагындагы бардык багыттар боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости