www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес” деп билдирди бүгүн 19-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында.

- Мен Бабановду КТРКдагы дебаттардан көргөм, ошондон кийин көрө элекмин. Экс менен экөө эмне деп сүйлөштү, эмне макулдашуулар болду, аны билбейм. Бирок айтым коеюн, мен шайлоого кетип жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Менин артымдан эмне деп сүйлөшүштү, эмне сценарий түзүштү - ал менин проблемам эмес, - деди ал.

Жээнбеков “мени "саткын" деген атка кондурушту. Мен "бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм" деп элге убада берген эмесмин, "элдин кызыкчылыгын коргойм" дегем” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости