www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келерки парламенттик шайлоолорго тиешелүү мыйзамдарды кечиктирбей парламенттин жайкы каникулуна чейин кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып билдирди.
Өлкө башчы биометрикалык технологияларды колдонуу менен ар бир шайлоочунун добушу так эсептелип калганын белгиледи. Бирок ошол эле учурда шайлоо процессин толук бойдон кемчиликсиз өткөрүүгө мамлекет даяр деп айтууга болбойт.
"Мисалы, добушту сатып алуу, партиялык тизменин сапаты жана туруктуулугу, шайлоо фондусунун өлчөмү сыяктуу маселелерди чечиш керек. Шайлоочулардын тизмесин тактоо функциясын Мамлекеттик каттоо кызматы эмес, логикага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аткарышы керек. Ушул сыяктуу маселелерди мыйзам жолу менен тактап, бардык шайлоо эрежелерин мыйзам менен бекитип, партияларга, шайлоочуларга белгилүү кылуу зарыл", — деди Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg