www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Президент Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жеткирилерин белгилеп, бүгүн “парламенттен жашырылган маселе жокко эсе” деп белгиледи.
- Азыр парламенттин дарегине бир катар сындар айтылып жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү талаптары коюлууда. Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо. Учурда экономиканы өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү деген курч маселелер турат, - деди Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg