www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Баяна Стиль” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Фабриканын ишмердүүлүгү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаев жана ишкананын негиздөөчүсү Абдибаки Имаров, ошондой эле директору Айсулуу Абжапарова маалымат беришти.

Фабрика 2018-жылы түзүлгөн, кийим тигүү менен алектенет жана шаардагы эң ири адистештирилген ишкана болуп саналат. Фабрикада 32 киши иштейт, алардын орточо айлык маянасы 8000-12000 сом. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына – 10 млн сом.
Ишкананын жетекчилигинин айтымында алар келечекте өндүрүштүн кубаттуулугунун көлөмүн көбөйтүп, КМШ жана чет өлкөлөргө экспортко чыгууну пландаштырууда. Бул максатта фабрика кошумча 6 млн сом суммасында акча каражатына муктаж. 

Сооронбай Жээнбеков фабриканын имаратын көрүп чыгып, чыгарган продукциялары менен таанышты. Ал мамлекет аймактардагы экспортко багытталган ишканаларды колдоого алаарын белгилеп, ишканага зарыл сумманы төмөнкү пайызда насыя катары берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон “Айыл Банк” менен иштешүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости