www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынчы конференциясынын ишинин алкагында Кашкар Джунушалиев Миграциялык саясатты өнүктүрүү эл аралык борборунун  Чек ара жана виза иштери маселелери боюнча Программалык менеджери Борут Эржен менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө  Борут Эржен 2004-жылдан бери Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу программасынын алкагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан Кыргызстандагы өзүнүн уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө тааныштырды. Кыргызстан уюм тарабынан  өткөрүлүп келген баардык иш-чараларга активдүү катышып жаткандыгын белгилеп, Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу программасынын көптөгөн долбоорлору адамдарды сатуу, адамдарды чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү, баңгизаттарды аткезчилик жол менен ташуу сыяктуу эл аралык кылмыштар менен күрөшүү көйгөйлөрүнүн үстүндө иш алып барышаарын айтты. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен  кызматташтууну бекемдөөгө кызыктар экендигин билдирди.

Министр Кашкар Джунушалиев, Миграциялык саясатты өнүктүрүү эл аралык борборуна Борбор Азия аймагында улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүүнү колдогондоруна ыраазычылыгын билдирди.  Ал өз тарабынан жалпы кызыкчылыктарды эске алып,  Миграциялык саясатты өнүктүрүү эл аралык борбору менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды кароого Кыргыз Республикасынын ИИМи даяр экиндигин айтты деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости