www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү Москва шаарынан кайтаары менен бардык талаптарды аткарышмакчы. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кытчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Буга чейин атайын парадга барган өлкө башчыны коштоп баргандардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу президент парадга катышпай эле коюуну чечкендиги айтылган.
COVID-19 инфекциясы аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.
“Делегация кайтканда коронавирусту алдын алуу боюнча белгиленген бардык шарттар аткарылат. Анализи коронавирус бар экенин көрсөткөндөр 14 күнгө обочолонуп, ал эми президент баш болгон башка мүчөлөр анализ чыкканга чейин 3 күн үй карантининде болушат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg