www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу ишти карап, айыпталуучулар Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Кеңешбек Дүйшөбаевди актаган өкүм чыгарды.
Биринчи май райондук соту отурум 17-апрелде өткөнүн ырастап, бул ишке "жашыруун" грифи коюлгандыктан башка маалымат берген жок.
2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот быйыл 27-мартта 21 кишини актады. Райондук соттон акталган 22 кишинин бири - активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болгон.
Айыпталуучулардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө каралды. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши да өзүнчө өндүрүшкө алынган.