www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирде ысып, бирде муздап келаткан, бир учурда жан-дүйнөнү козгоп кылмыштуулуктун апогейине жетип, кайра салкындап турган ЖЭБ (ТЭЦ) иштери боюнча Свердлов районунда С.Исаковдун, Ж.Сатыбалдиевдин, О.Лаврованын, О.Артыкбаевдин, А.Калиевдин, С.Авазовдун, Ж.Назаровдун, Т.Бримкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму ишин улантты.

Айыпкер болуп жаткан Жантөрө Сатыбалдиев Каржы министрлигинин өкүлү Азамат Исаковго кредиттик келишим менен субсидиалдуу келишимдин ортосунда кандай айырмасы бар экенин сурады. Анткени, кредиттик келишимди Каржы министрлиги менен “Эксимбанк”, ал эми ошол эле Каржы министрлиги менен “Электрстанциялар” ишканасы субсидиалдуу келишим түзүшкөн экен. Каржы министрлигинин өкүлү Азамат Исаковдун оюнча субсидиалдуу келишим кредиттик келишимдин бир бөлүгү сыяктуу.

Талылуу жерден кармаган Жантөрө Сатыбалдиев мамлекетке зыян келтиргенди эмненин негизине таянып айтып жатканына кызыкты: “Өкмөт башчысы болуп туруп, келишимдин кайсы пунктун, кайсы мыйзамды же регламентти бузуптурмун” –деп Жантөрө Сатыбалдиев кан ыйлап жиберди.

Каржы министрлигинин өкүлү Азамат Исаков укуктук баа бере албастыгын түшүндүрдү. Сот болсо суроолорду жаңыртып башка суроолорду берүүнү өтүндү.

Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүнө жооп берип жатып ЖЭБди модернизациялоо боюнча субсидиалдуу келишимге 2014-жылы 7-февралда кол коюлганын баса белгиледи. «Ал жерде залогу жок келишимге кол коюу боюнча пункт болгон” –деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Мындай пункт бар экенин өкүл мойнуна алды.

“Сиз туура эмес күбө болуп жатасыз, сиз 2014-жылдын 23-апрелиндеги токтом менен таанышсызбы?”-деп Жантөрө Сатыбалдиев кайра кысмакка алды. Каржы министрлигинин өкүлү Азамат Исаков бул пунктту окубаганын айтты.

“Сиздин бөлүмүңүз коомчулуктун башын айлантып жатат. Бул келишимди залогу жок түзүү боюнча жок. Менин учурумда өкмөттүн токтомунда мындай пункт болгон эмес, муну кийин өзгөрткөн” -деди Жантөрө Сатыбалдиев.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости