www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалгандардын бөгөт чарасы иш убактысы бүткөнүнө карабай, түнү менен каралган себебин түшүндүрдү. Ишти кароо 24-октябрдан 25ине караган түнү, таңкы саат бешке чейин уланып, дээрлик бардыгын эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.
Райондук сот мындай чечимди сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөгөн тергөө судьясы кабыл алганын белгилейт.
Сот тараткан маалыматка караганда, судьялар Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97 жана 106-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте ишти караган.
"Эгер материал түнү келип түшсө, тергөө соту көрсөтүлгөн убакытта, кийинки күнгө калтырбай кароого милдеттүү", - деп жазылган маалыматта. Ошондой эле кармалгандардын бөгөт чарасы мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте каралганы, шектүүлөрдүн бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилгени айтылат.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.
24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.
Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.
Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшнебек жана Акыл Айтбаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.
Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.