СДПК партиясы «Социал-демократтар» болуп өзгөрүлгөнүн көпчүлүк билет. Бул партия кайра шайлоодо Бишкек кеңешине келип, Атамбаевдин саясатын жүргүзө баштады. Парламенттик шайлоодо Атамбаев №1 болуп келем деп умсунган, бирок анын ордуна Атамбаев «молодой»- Кадыр Атамбаев келиптир. Бул Раиса Атамбаеванын демилгеси экени билинип турат. Себеби, Кадыр кичүү болсо да, бул экөөнүн баласы. Атамбаевдин биринчи аялы Бүбүажар Теңизбаеванын балдары тууралуу азырынча кеп жок. Экинчи орунда мурунку СДПК партиясынан депутат болгон кесиптешибиз Рыскелди Момбеков, ал былтыркы шайлоодо «Ата-Мекен» менен жарышка түшкөнү болбосо Атамбаевди айланчыктап жүрөт. Баса, тууганыбы же фамилиялашыбы «Улуттар Биримдиги» партиясынан Бактыгүл Момбекова да талапкер, ал эми Сагынбек Момбеков да бир партияны колдоп жүргөндүр. 2009-жылы Атамбаев президентке талапкер кезинде Сагынбек Момбековду жуда пайдаланып «кидать» этип салган. Үчүнчү орундагы Кадырбеков Ишенбай 2005-жылы 24-мартта бир күн президенттин милдетин аткарып, 8 обьектти менчиктештире койгон кан кускур. Ал кыргыздын архитектурасы менен курулушун тейлеп канча обьектти өзүнө алганын ким билет? Төртүнчү орунда «карамышык» атка конгон Карамушкина, азыркы парламенттин депутаты. Андан кийинкилер Атамбаев «чимкирик» парламент деп атаган алтынчы парламенттин эскирип бараткан депутаттар: Кодуранова Асел, Нурдинов Бейшеналы, Мадеминов Мурадыл, Орозова Карамат, Айнакулов Мухтарбек, Артыков Анвар жана башка кызматын өткөрө турган депутаттар. Президент Атамбаевдин Иш Башкармачылыгын жетектеген Коёналиев Турусбек үкасы Жоошбек баш болуп, калгандары кечээ Атамбаев президент кезинде май-талкандын үстүндө жүргөндөр. Булар элди жеп-жутуп атып тоюшкан эмес, эми кайра депутат болуп келип мамлекеттин бюджетинен бир нерсе сугунуп алалы деп акактап турушкандар. Булардын ичинде Сопоков Эркин Түркияда консул болуп жүрүп ушак таратып көнгөн эргул. Сопоков Эркин мыйзамсыз 200 000 доллар жана 47,6 миллион сомго мүлктөрдү менчиктештирип алганы үчүн соттолгон. Сотто бардыгын мойнуна алган Сопоков Эркин 260 миң сом айып пул төлөп бошотулган. Жегенин доллар менен жешет, төлөгөнүн сом менен төлөшөт. Сопоков Эркин бир кезде издөөдө жүргөн маркум кытайлык бизнесмен Айэркен Саймантинин машинасы менен жүргөнү такталган. Бул тууралуу өзүнчө сөз болор, бирок консулдун издөөдө жүргөн адамды кармамак түгүл машинасы менен жүргөнүн Сталин билсе атып салмак. Бишкек Кеңешинде «Социал-демократтар» жеңишке жетишкен, анткени Атамбаев түбү баткендик болсо да Аламүдүндүн Арашан айылында туулган. «Үйү жакын иттин куйругу чамгарактап» Бишкекте жеңишке жетишкен Атамбаев парламенттик шайлоодо алдыга чыгабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg